Т129 Атак тик учары Бразилиядагы биринчи учушун аткарды

Т129 Атак тик учары Таубатедеги Форте Рикардо Кирк авиация командирлигинде биринчи учушун аткарды.

1171586
Т129 Атак тик учары Бразилиядагы биринчи учушун аткарды

 Бразиялынын Рио де Жанейро шаарында 2 – 5 -  апрель күндөрү боло турган коргоо өнөр жай жарманкесине катыша турган Т129 Атак тик учары Таубатедеги Форте Рикардо Кирк авиация командирлигинде биринчи учушун аткарды.  

Бразилия авиация командири Карлос Уолдыр Агиранын жетекчилигинде өткөрүлгөн учууларга Түрк авиация жана космостук өнөр жайынын маркетинг жана байланыш төрагасы Тамер Өзмен менен бирдикте ТУСАШ жетекчилери, Түркиянын Сао Паулодогу башкы консулу Серкан Гедик жана Бразилия аскердик аташеси Сердар Апайдын катышты.

Бразилия жалпыга маалымдоо каражаттары учууларга абдан чоң кызыгуу көрсөтүп, аземге катышкан бразилиялык учукчтар жана аскердик кызматкерлери, эки өлкөнүн учкучтары бирге колдонгон Т129 Атак тик учарынын учуулары абдан көңүл коюу менен көрдү.

Учуулардан кийин Т129 Атак тик учарын колдонгон бразилиялык 10 учкучка ийгилик баракчасы жана Т129 Атак тик учарынын макети берилди.



Тектеш кабарлар