Эрдоган: «Трамп, кимдин жерин Израилге берип жатасың»

Эрдоган Трампка катуу каршылык көрсөттү.

1171296
Эрдоган: «Трамп, кимдин жерин Израилге берип жатасың»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрү жөнүндөгү чечимине катуу каршылык көрсөтүп: «Трамп, кимдин жерин Израилге берип жатасың! БУУнун токтому боюнча ал жер Сириянын жери»,-деди.

Эрдоган Стамбулда катышкан иш-чарада, Трамптын Голан дөңсөөлөрүн Израилдин жери деп кабыл алган жарлыкка кол коюшун сынга алды.

Эрдоган: «Трамп, кимдин жерин Израилге берип жатасың. 1967-жылдагы БУУнун токтому бар. БУУнун токтомуна караганда ал жер Сириянын жери. БУУнун токтомуна карабастан сен кантип Голан дөңсөөлөрүн Израилге берип жатасың. Европа Биримдиги муну кабыл албайт, Ислам Кызматташтык Уюму катары биз кабыл албайбыз, Орусия кабыл албайт, Кытай кабыл албайт, БУУнун Коопсуздук кеңешинен мындай нерсенин чыгышы мүмкүн эмес. Өзүн өзү билгендер... Ушундай нерсе барбы? Биз кайсы дүйнөдө жашап жатабыз?»,- деп айтты.

Дональд Трамп Твиттер баракчасынан: «52 жылдан кийин АКШ үчүн Израилдин Голан дөңсөөлөрүнө болгон ээлигин толук таануунун убагы келди»,- деп билдирген болчу.

Израиль, БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдоруна караганда Сирияга таандык болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылдан бери көзөмөлдөп келетат.



Тектеш кабарлар