ДЕАШ менен күрөшүүнү бетме-бет жүргүзүп жаткан жалгыз армия-ТКК

Улуттук коргонуу министрлигинин интернет барагынан террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү тууралуу маалымат берилди.

1169446
ДЕАШ менен күрөшүүнү бетме-бет жүргүзүп жаткан жалгыз армия-ТКК

Улуттук коргонуу министрлиги тарабынан Түрк куралдуу күчтөрүнүн(ТКК) террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүнү бетме-бет жүргүзүп жаткан жалгыз армия экенине басым жасалды.

Улуттук коргонуу министрлигинин интернет барагынан берилген жарыяда Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан чек ара коопсуздугун камсыздоо, ДЕАШ террордук уюмунун коркунуч жана кол салууларына бөгөт болуу, жеринен ажыраган Сирия калкынын үйлөрүнө кайтууларына салым кошуу максатында «Евфрат калканы» операциясынын 2016-жылы 24-августта башталганы эске салынды.

Эл Баб отурукташкан жеринин 2017-жылы 24-февралда көзөмөлгө алынышы менен операция максатына жеткени белгиленген жарыяда: «Эркин Сирия армиясы менен бирге жүргүзүлгөн операция убагында, чек ара багытыбызды бойлой 243 отурукташкан маала жана 2015 чарчы чакырымдык аянт ДЕАШтан тазаланды, 3 миңден  ашуун ДЕАШ террордук уюмунун радикал мүчөсүнүн жок кылынды, ДЕАШ террордук уюмуна таандык 21 миң бутанын ташт талканы чыгарылды»,деген сөздөргө орун берилди.

Берки өлкөлөрдүн террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүнү көбүнчө аба күчтөрү аркылуу бомбалап жүргүзгөнүн белгилеп, «Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүнү бетме-бет жүргүзгөн жалгыз армия болду. Евфрат калканы кыймылы менен  көзөмөлгө алынган аймактарда, мина, колго жасалган жарылуучу заттарды тазалоо, коопсуздук жана тынчтыктын камсыздалышы боюнча иш-аракеттери улантылууда. Айрыкча тийиштүү мекемелерибиз менен бирге ушул убакка дейре жасалган иштердин натыйжасында чоң бөлүгү Евфрат калканы операциясынын аянтында болгон орто эсеп менен 320 миң Сирия атуулунун үйлөрүнө кайтуусу камсыздалды»,делди.



Тектеш кабарлар