Калын Трампка каршы чыкты

Басма сөз катчы Ибрахим Калын Твиттер аркылуу өз билдирүүсүн жарыялады.

1168431
Калын Трампка каршы чыкты

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын президенти Дональд Трамптын Израилдин басып алуусундагы Голан дөбөлөрүнө байланыштуу чуулгандуу билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

Ибрахим Калын Твиттер баракчасынан, эл аралык мыйзамдын өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгүн кепилдикке алганын эске салып: «АКШ башкаруучулугунун, Палестинанын жерлерин басып алган Израилдин Голан дөбөлөрүнө карай мыйзамсыз кыймылдарын мыйзамдаштырууга аракет кылышы, басып алуу саясаттарына колдоо көрсөткөндүгүн жана келишпестиктерди күчөткөндүгүн туюнтат» деп каршы чыкты.

Трамп Твиттер аркылуу: «52 жылдан кийин АКШ үчүн Израилдин Голан дөбөлөрүнө болгон эгемендигин толук таануунун убагы келди»,- деп билдирген болчу.

Израиль, Сирияга таандык Голан дөбөлөрүн 1967-жылдан бери көзөмөлдөп келет.



Тектеш кабарлар