Президент Эрдогандын анзактарга карай айтылган сөздөрү бурмаланды

Президенттиктин байланыш боюнча башчысы Фахреттин Алтун, социалдык медиа барагы Твиттерден англис тилинде маалымат бөлүштү.

1167689
Президент Эрдогандын анзактарга карай айтылган сөздөрү бурмаланды

Президенттиктин байланыш боюнча башчысы Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын анзактарга карай айтылган сөздөрүнүн бурмаланганын белгиледи.

Алтун, социалдык медиа барагы Твиттерден англис тилинде жарыялаган бөлүшүүсүндө президент Эрдогандын сөздөрүнүн максатынын Жаңы Зеландиянын Крайсчерч шаарында 50 мусулманды кырсыкка учураткан террорист жарыялаган жалган манифест болгонун белгиледи.

Фахреттин Алтун бөлүшүүсүндө Эрдогандын 18-март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанккале деңиз жеңишинин 104-жылдыгынын алкагында сүйлөгөн сөзү тууралуу бул сөздөргө орун берди: «Президент Эрдогандын сөздөрү тилекке каршы бурмаланды. Президент, Жаңы Зеландияда 50 бейкүнөө мусулманды өлтүргөн террористтин жалган манифестине жооп берди. Түрктөр анзак конокторуна карата ар дайым жанга жакын жана меймандос мамиле көрсөттү. Террористтин манифести бир гана Эрдогандын жеке өзүн эмес, ошол эле учурда Түрк мамлекетин жана элин бутага алды. Президент, Чанаккале жеңишин эскерүү күнүндө сөз сүйлөп жатып, Түркияга каршы болгон өтмүштөгү жана дагы деле уланып жаткан кол салуулар тууралуу тарыхый байланышы болгон көз караштарынын планын сүрөттөп берди».



Тектеш кабарлар