Европа Парламенти Түркия тууралуу чуулгандуу отчет жарыялады
Сунуш мүнөзүндөгү жана юридикалык күчү болбогон отчетто, Түркиянын каршы чыгуусун тарткан көп сандаган элемент тизмеленди.
Европа Парламенти (ЕП) 2018 Түркия отчетунда «Европа Биримдигинин Түркия менен кошулуу сүйлөшүүлөрүн расмий түрдө токтотуу» чакырыгын салды.
Нидерландиялык ЕПнин мүчөсү Кати Пири тарабынан даярдалган «2018 Түркия отчету» Франциянын Страсбург шаарында орун алган Башкы Ассамблеяда бекитилди.
«Европа Биримдигинин (ЕП) Түркия менен кошулуу сүйлөшүүлөрүн расмий түрдө токтотуу» сунушу орун алган отчет, 109 каршы 370 макул добушу менен кабыл алынды. 143 парламентар болсо арсар болду.
Сунуш мүнөзүндөгү жана юридикалык күчү болбогон отчетто, Түркиянын каршы чыгуусун тарткан көп сандаган элемент тизмеленди.
Анкара менен ЕБнин ортосундагы дипломатиялык алакалар болсо ЕПнин отчетундагы билдирүүнүн тескерисинче ылдам жүрүп жатат.
ЕБ менен Түркиянын ортосундагы эң жогорку орган болгон «Өнөктөштүк кеңеши» жыйналышы орто эсеп менен 4 жылдык мөөнөттөн кийин, эртең Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болот.
Жыйналышка тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ЕБ канатынан жогорку өкүл Федерика Могерини башчылык кылат.
ЕБ менен институттук диалогдун уланышы жана түрлөндүрүлүшү жагынан маанилүү болгон жыйналышка ЕБ Комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Йоханнес Хан да катышат.
Тараптар аймактык темалар жана эки тараптуу карым-катнаштарга кеңири түрдө баа берүү мүмкүнчүлүгүн табат.
Ушул алкакта (Түркия жарандарына) визасыз тартип, Бажы Биримдигинин жаңылануусу, кошулуу процессинде келип жеткен жер, террор менен күрөшүү боюнча кызматтыштык сыяктуу темалардын каралышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.