Түркия Евробиримдик үчүн негизги өнөктөш болуп саналат
Румыниянын премьер-министри Данцила Түркиянын Бухаресттеги элчиси Фүсун Арамазды кабыл алды.
Европа Биримдигинин кезектешкен төрагасы Румыниянын премьер-министри Виорика Данцила, Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна колдоо көрсөтүүсүн улунта тургандарын белгилеп: «Түркия Европа Биримдиги үчүн негизги өнөктөш болуп саналат»,-деди.
Румыния өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Данцила Түркиянын Бухаресттеги элчиси Фүсун Арамазды кабыл алды.
Данцила эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген карым-катнаштардын маанисин баса белгилеп, Түркия Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн тышкары Румыниянын эң негизги экономикалык өнөктөшү экенин айтты.
Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна колдоо көрсөтүүсүн улунта тургандарын белгилеген Данцила, Европа Биримдигинин кезектешкен төрагалыгы убагында Румыниянын иштиктүү динамиканы бекемдей турганын билдирди.
Премьер-министр Данцила, Түркиянын аймактагы кыйынчылктарды башкарганын жана жалпы кызыкчылыктарга маани бергенин баса белгилеп: «Түркия Европа Биримдиги үчүн чечүүчү өнөктөш болуп саналат»,-деди.
Элчи Арамаз болсо Румыния менен болгон абдан жакын байланыш жана күчтүү кызматташтыкты бардык тармакта өнүктүрүүгө аракет кыла тургандарын белгилеп, ар түрдүү долбоорлордун бүткөрүлүшүнө карата таштала турчу кадамдардын күтүлүп жатканына токтолду.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.