Түркия "Боинг 737 MAX" учууларын токтотту

Бул туурасында Транспорт жана инфраструктура министрлиги билдирди.

1162202
Түркия "Боинг 737 MAX" учууларын токтотту

Түркия "Боинг 737 MAX" боюнча чара көрүүдө.

Транспорт жана инфраструктура министрлиги, "Боинг 737 MAX 8" жана "Боинг 737 MAX 9" үлгүсүндөгү учактардын учууларынын учуу коопсуздугунун себебинен экинчи чечим чыгарылганга дейре токтотулгандыгын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, чет өлкөдө 5 айдын ичинде "Боинг 737 MAX 8" же болбосо "Боинг 737 MAX 9" үлгүсүндөгү учактар аралашкан эки башка кырсыктын ыктымалдуу себептери Министрликке караштуу Жарандык авиация директорлугу тарабынан каралып чыкканы белгиленди.

Билдирүүдө: «Аты аталган баа берүүлөрдүн негизинде "Боинг 737 MAX 8" жана "Боинг 737 MAX 9" үлгүсүндөгү учактардын учуулары учуу коопсуздугуна чара көрүү максатында экинчи чечимге чейин токтотулду» деген сөздөр орун алды.

Буга байланыштуу Түрк аба жолдору да өз билдирүүсүн жарыялады.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүндө, учуу коопсуздугунун жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугунун биринчи орунда тургандыгы сөз кылынып: «Түрк аба жолдору өз флотундагы 12 даана "Боинг 737 MAX" үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын учууларын 13-марттан тарта экинчи чечим чыгарылганга дейре токтотту» деген маалымат берилди.



Тектеш кабарлар