Измирде НАТОнун конференциясы өтүп жатат

Измир Бужадагы НАТОнун Шериктештик кургактык командирлигинде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулган НАТОнун Корпус командирлеринин конференциясы башталды.

1162112
Измирде НАТОнун конференциясы өтүп жатат

Түндүк Атлантика келишими уюму НАТОнун шериктеш кургактык командири, генерал-польковник Жон С.Томсон, мүчөлөрү бириккен учурунда НАТОнун дагы күчтүү боло турганын белгиледи.

Измир Бужадагы НАТОнун Шериктештик кургактык командирлигинде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулган НАТОнун Корпус командирлеринин конференциясы башталды.

Конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөгөн НАТОнун шериктештик кургактык командири, генерал-польковник Жон С.Томсон, өкүлдөрдү Измирде тосуп жаткандары үчүн кубангандарын билдирди.

Конференциянын эки күн улана турганын түшүндүргөн Томсон, өткөн жылдагы конференциядан алынган сабактардын негизинде быйыл форматты бираз өзгөрткөндөрүн, татаал темаларды бир гана командирлерден турган тар форматта карай тургандарын айтты.

Команданын руху жана шайкештигине басым жасаган Томсон: «Бул конференция менен максатыбыз НАТОнун мүчөлөрү катары бирге жүрүшкө чыгуу, пикирлерди ачык түрдө талкуулоо, пикир алмашууда бири-бирибизге жардам берүү, бири-бирибизден илхом алуу. Ылдам кетишибиз маанилүү эмес, чогуу жана келечекти көрүп барышыбыз маанилүү. НАТОго мүчө катары кол кармашып бассак дагы күчтүү болобуз. Бул конференция биз үчүн өткөөл жер болот»,-деди.

Бир тараптан Томпсон, Польша, Венгрия жана Чех Республикасынын НАТОго кошулушунун 20 жылдыгынан улам ал өлкөлөрдү куттуктады.



Тектеш кабарлар