Президент Эрдоган Улуттук гимндин кабыл алынган күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады

Эрдоган, 12-Март Улуттук гимндин кабыл алынышы жана Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

1161087
Президент Эрдоган Улуттук гимндин кабыл алынган күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Улуттук гимндин өлкөнүн коопсуздугу үчүн күрөшүүдө корголушу керек болгон рухту, биримдик жана ынтымактан келген күчтү, бүгүнкү күнгө дейре алып келген куруучу текст экенин белгиледи.

Эрдоган, 12-Март Улуттук гимндин кабыл алынышы жана Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө, эгемендиктин, келечектин, улуттун умтулуу жана чечкиндүүлүгүнүн символу, Боштондук согушунун кудум эле манифести болгон жана мекендин жерлеринин ар бир карышында баскынчылыкка каршы күрөш жүргүзүлгөн мезгилде жазылган Улуттук гимдин орток үн, аброй жана эң баалуу орток баалуулук болгонун баса белгиледи.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Улуу мекендин акыны Мехмет Акиф Эрсойдун ыр саптарында абдан ачык түрдө ортого салынган татыктуулуктарыбыз, улуттук жана руханий баалуулуктарыбыз, идеалдарыбыз, бүгүнкү күндө өлкөбүзгө багыт алган ар бир коркунучта өзүн көрсөткөн улуттук макулдашуунун негизги элементи. Азиз улутубуз үчүн көз карандысыздык баяндамасы болгон Боштондук гимнибиз, өлкөбүздүн коопсуздук күрөшүндө корголушу керек болгон рухту, биримдик жана ынтымактан келген күчтү, бүгүнкү күнгө дейре алып келген куруучу текст болуп саналат. Улутубуздун көңүлүндө өзгөчө орунга ээ болгон улуу мекендик акыныбыз Мехмет Акиф Эрсой, Улуттук гимнибиз баш болгон чыгармалары менен жана пикирлери менен ар дайым урмат-сый менен эскерилет»,-деп жазды.

Боштондук гимнинин кабыл алынышынын 98-жылында Мехмет Акиф Эрсой баш болгон Боштондук күрөшүнүн бардык баатырларын ардактоо жана таазим кылуу менен эскерген Эрдоган, бардык атуулдарга эң чын жүрөктөн саламын айтты.



Тектеш кабарлар