Түркия Грузияга кызамык вакцинасын жиберди

Саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда 13 -  февралда кол коюлган кызматташуу келишиминин негизинде Грузияга жалпы 100 миң дозалык кызамык вакцинасын тапшырды

1159723
Түркия Грузияга кызамык вакцинасын жиберди

 Түркия кызамык эпидемиясынан улам вакцина суранган  Грузияга 100 миң доза вакцина жиберди.

Саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда 13 -  февралда кол коюлган кызматташуу келишиминин негизинде Грузияга жалпы 100 миң дозалык кызамык вакцинасын тапшырды.

Өлкөдөгү кызамык эпидемиясынан улам Түркиядан вакцина алган Грузияга вакциналар муздаткычтуу чиркегичтер жана жүк ташуучу машиналар менен алып барылды.  

Түркия чектеринин ичинде Вакциналарды иликтөө системасы менен иликтөөгө алынып, бардык маалыматтар каттоого алынды. Сарп чек ара каалгасынан Тбилисиге жеткирилди. Вакциналар тапшырылгандан киийн Грузиянын саламаттык сактоо министрлигинен ыраазычылык билдирилген кат келди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Эмине Алп Мешеге кайрылган кесиптеши Заза Бохуа тарабынан жазылган катта Түркиянын аймакта Грузиянын эң негизги өнөктөшү жана колдоочусу экендиги, чукул абалдарда Грузияга жардам бергендигин белгилеп : «Түркияга өлкөдөгү кызамык эпидемиясынан улам муктаждык болгон вакцинаны ылдам түрдө жеткиргендиги үчүн рахмат айтабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар