ТКК, Сириядагы «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» күзөт иштерин баштады

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), 14-февралда Түркия, Орусия жана Иран катышкан Сочи саммитинде чыгарылган чечимдин алкагында «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» күзөт иштерин баштады.

1159732
ТКК, Сириядагы «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» күзөт иштерин баштады
tsk idlib devriye1.jpg

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), Сирияда «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» күзөт иштерин баштады.

ТКК, 14-февралда Түркия, Орусия жана Иран катышкан Сочи саммитинде чыгарылган чечимдин алкагында «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» күзөт иштерин баштады.

Күзөт иштери меморандумдун алкагында түзүлгөн куралсыздануу аймагында Идлибин түндүгүнөн баштап Халеб облусунун түштүгүнө жеткен багытты камтыйт.

ТКК конвоюнун багыты төмөнкү жерлерди камтыйт: «Идлибдин түндүгүндөгү Кефер Лусин менен Дана, Халебдин батышындагы Этариб, Халебдин түштүк батышындагы Гаммари, Канатир жана Тель Эйс».

Күзөттөрдүн улантыышы күтүлүүдө.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, бүгүн катышкан Анадолу агенттигинин редакторлук тегерек үстөлүндө, ТККнын куралсыздануу аймагында Орусия армиясынын болсо Идлибдин тышындагы чек ара аймагында бир күндүн ичинде күзөт иштерин баштай тургандарын жарыялаган болчу.

ТКК, Астана келишимдеринин алкагында «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» 12 ок атышпоону байкоо пунктун курган. Орусиянын армиясы болсо 10 жерге курган.

Башар Асад режиминин күчтөрү, бардык келишимдерге карабастан куралсыздануу аймагы менен катар «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына» да кол салууларын улантууда.

Үстүбүздөгү жылдын башынан баштап режимдин кол салууларынан эң аз 11 жаран каза тапты, 335тен ашуун киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар