Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү
Операцияда террористтер колдонгон баш калкалоочу жерлер менен ок - дары сакталган жерлер жардырылды.
1158372
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү ПКК террордук уюмдарына абадан операция жүргүзүлдү. Улуттук коргоо министрлигинин твиеттер эсебинен операция тууралуу маалымат берилди.
Маалыматта Метина, Зап, Авашин - Басян жана Хакрук аймактарында жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюмга таандык курал сактоочу жерлер, ок - дары сакталган жерлер менен баш калкалоочу жерлер жардырылгандыгы белгиленди.