Эрдоган Макрондун талабына эмне деп жооп берди?

Эрдоган менчик телеканалдын түз эфир программасына катышып маалымат берди.

1153526
Эрдоган Макрондун талабына эмне деп жооп берди?

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзү менен сүйлөшүүнү талап кылган Франциянын президенти Эммануэль Макронго «Сүйлөшүү үчүн биз сиз менен байланышабыз» деп жооп бергенин айтты.

Эрдоган менчик телеканалдын түз эфир программасына катышып күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Сириядагы коопсуз аймак боюнча акыркы жагдайды түшүндүргөн Эрдоган, коопсуз аймактын көзөмөлүн Германияга, Францияга же АКШга таштабай тургандарын белгиледи.

Эрдоган Макрондун бул темадагы сүйлөшүү талабына болсо «биз сизге чалабыз» деп жооп берилгендигин айтты.

Түркиянын 31-мартта өткөрүлө турган жергиликтүү шайлоолорго көңүл койгонун баса белгилеген Эрдоган: «Макрон сүйлөшүүнү талап кылды, «Шайлоо үгүттөрү бар, мүмкүнчүлүк тапсак биз сиз менен байланышабыз» дедик»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар