Чаддын мамлекет башчысы Түркияда

Чаддын мамлекет башчысы Идрис Деби Итно президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келди.

1153519
Чаддын мамлекет башчысы Түркияда

 Чаддын мамлекет башчысы Идрис Деби Итно президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келди. Борбор шаар Анкарада оболу республиканын куруучусу Ататүрктүн мазары орун алган Аныткабырды зыярат кылган президент Итнону маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой коштоду. Коштоосундагы делегация менен Аныткабырдын Арстандуу жолу менен баскан Итно Ататүрктүн мовзелейине гүл чамбар коюп, эскерди. Андан кийин Мисак  -  и Милли мунарасында Аныткабырдын атайын дептерине кол койгон Итно дептерге буларды жазды: «Түрк улутунун атасы, легендарлуу адамдын жаткан кабырына экинчи жолу келдим. Кыялыңыздагыдай Түркия бүгүн халефиңиз, боордошум жана досум президент Р. Т. Эрдоган башкарган абдан чоң улут. Нур ичинде жатыңыз».

Чаддын мамлекет башчысы Итно менен президент Р. Т. Эрдоган өткөрүлө турган жолугушууларда эки тараптуу карым  - катнаштар бардык жактары менен каралып чыгылат жана түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.



Тектеш кабарлар