Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммит Сочиде өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,  Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани саммитте бирден сөз сүйлөштү.

1145583
Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммит Сочиде өттү
erdogan soci.jpg
ruhani-putin-erdogan.jpg

Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммит бүгүн  Сочиде өттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган,  Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен өткөн Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммитте лидерлер бирден сөз сүйлөштү.

Президент Эрдоган, 8 жылдан бери куралдардын көлөкөсүндө жашоо үчүн күрөшкөн Сирия калкынын өздөрүнөн туруктуу саясий чечүүчү жол табуу жолунда кубандыруучу кабарларды күткөндөрүн айтты.

«Бардык кыйынчылыктарга, көз караш айырмачылыктарына, ал эмес арабызды бузууга карай кээ бир провакацияларга да карабастан Астана рухун чечкиндүүлүк менен коргодук»,-деп айткан Эрдоган сөзүн мындай улады: «Биз Сирияда аккан канды токтотуш үчүн кандай күрөшүп жатсак, башкалары да кагылышуулардын уланышы үчүн жашыруун же ачык түрдө аракеттенүүдө. Кыраакылык, акылдуулук жана макулдашуу менен иш-аракет кылып бүгүнкү күнгө дейре бул чөйрөлөргө күткөн мүмкүнчүлүгүн берген жокпуз».

Түркия катары Сирия калкынын эң кыйын убактарында жанында болгондорун белгилеген Эрдоган, ушул убакка дейре 35 миллиард доллар сыяктуу жардамды бардык тармакта качкындарга бергендерин билдирди.

Эрдоган: «Сириянын тез арада тынчтыкка жетиши үчүн колубуздан келгенди кылдык жана кылабыз. Бүгүн дагы бир жолу үмүттөрүн бир жыйналышка байлаган туугандарыбызга сүйүнчү айта турганыбызга ишенүүдөмүн»,-деди.

Орусиянын президенти Владмир Путин да Сириянын жерлеринин дээрлик бардыгында ок атышпоочулук режими сакталып жатканын белгилеп: «Бул биздин так жана позитивдүү биргелешкен натыйжабыз»,-деди.

Орусия, Түркия жана Ирандын бирегелешкен аракеттер менен Сириядагы турмуштун нормалдаштырылышы үчүн иштеп жаткандарын айткан Путин: «Идлибде чыңалуунун азайтылышы темасында макулдашуубуз керек. Бул болсо террористтердин турганына көз жумабыз деген түшүнүктү бербейт. Ок атышпоо Идлибдеги террористтер үчүн шылтоо боло албайт»,-деп айтты.

Эки тараптуу жолугушууларда Сириянын Түндүк Чыгышындагы абалды жана АКШнын бул өлкөдөн аскерин чыгаруу чечимин да карап чыккандарын белгилеген Путин:"Урматтуу Эрдоган менен болгонпикир алмашууда Сириянын жеринин бүтүндүгү темасында бирдей пикирге бардык "-деп айтты. 

БУУнун дагы активдүү роль ойношун күткөндөрүн айткан Путин: « Дүйнөдөгү өлкөлөр шарт койбостон колдоо көрсөтүшү керек"-деди. 

Путин, Сириянын конституциялык комитетинин кыска мөөнөттүн ичинде иштерин баштоосунун чоң мааниси болгонун белгиледи. 

Ирандын президенти Рухани да,эки тараптуу жолугушууларда чет элдик кийлигишүү жана террор коркунучунан кутулган Сириянын маанисин сүйлөшкөндөрүн,жеринин бүтүндүгүнө басым жасагандарын айтты. 

Рухани:"Биздин максатыбыз бардык террордук топторду жок кылуу жана диалогдун өнүктүрүлүшү,конституциянын жаңыланышы менен баш калкалоочулардын үйлөрүнө кайтуусу болот.АКШ тилекке каршы Сирияда жана Иракта террордук топторду коргоодо. Террордук түзүлүштөрүн колдонуп максатына жетүүгө аракет кылууда",-деп айтты. 

Рухани,тышкы күчтөрдүн (АКШ нын)Сириядан чыгышы керектигин белгиледи.

Сөз сүйлөөлөр бүткөн соң лидерлер саммит жыйынына өттү. Жыйналыш 1 cаат 10 мүнөткө созулду.

 



Тектеш кабарлар