Эрдоган Сочиге учуп кетти

Режеп Таййип Эрдоган, Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен боло турган Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммитке катышат.

1145044
Эрдоган Сочиге учуп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын Сочи шаарына аттанды.

Режеп Таййип Эрдоган, Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен боло турган Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммитке катышат.

Саммитте, Астана платформасынын Сириядагы жаңжалдарга туруктуу чечүүчү жол табылышын камсыздоо үчүн аянтта жана саясий процессте жүргүзгөн биргелешкен иш-аракеттери каралып чыгат.

Президент Эрдогандын саммит убагында кесиптештери менен ишке ашыра турган эки тараптуу жолугушууларда, Орусия Федерациясы жана Иран менен карым-катнаштар жана ошондой эле аймактык маселелер каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар