Эрдоган Сочиде жолугушууларын баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммитке катышуу үчүн Сочиге барып жолугушууларын өткөрө баштады.

1145417
Эрдоган Сочиде жолугушууларын баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммитке катышуу үчүн Сочиге барды.

Эрдоган бул жерде эң оболу Ирандын президенти Хасан Рухани менен бетме-бет жолугушуу өткөрдү.

Санаториум Рустагы жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Презиент Эрдогандын жолугушууда Руханиге кечээ Иранда болгон террордук кол салууларда каза тапкандар үчүн көңүл айткандыгы белгилүү болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия темалуу Түркия-Орусия-Иран Үчтүк саммитинин алдында Сочиде Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен да өз алдынча жолугушуу өткөрдү.

Эрдоган, бул жердеги сөзүндө: «Сирияда коопсуз аймак түзүү пикирин улуттук коопсуздук санааркоолорубузду жоюуга кызмат кылган өлчөмдө биз дагы колдойбуз. Бул пикирге Орусиянын дагы оң мамиле көрсөткөнүнө ыраазы болдук»,-деди.

Эрдоган: «ПЙД жана ЙПГ Манбижден жана Евфраттын чыгышынан тазаланбастан Сириянын жеринин бүтүндүгү камсыздала албайт. Идлибде аба мейкиндигинин колдонулушу жагынан көрсөтүлгөн кызматаштыктын Африн жана «Евфрат калканы» кыймылы болгон аймакта да көрсөтүлүшү абдан маанилүү»,-деди.

Орусиянын президенти Путин болсо, «Түркия менен бирге Сирияда тараптардын арасындагы диалогго жаңы ылдамдык кошо турганыбызга ишенемин. Сириядагы максаттарга активдүү, кеңири масштабдуу иштер жана макулдашуу менен жете алабыз. Түркия менен жүргүзүлгөн иштер аркылуу Сирияда маанилүү жолду басып өттүк»,-деп айтты.

Эрдоган бир аздан соң, Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен боло турган Сирия темалуу төртүнчү Үчтүк саммитке катышат.

Саммитте, Астана платформасынын Сириядагы жаңжалдарга туруктуу чечүүчү жол табылышын камсыздоо үчүн аянтта жана саясий процессте жүргүзгөн биргелешкен иш-аракеттери каралып чыгат.

Президент Эрдогандын саммит убагында кесиптештери менен ишке ашыра турган эки тараптуу жолугушууларда, Орусия Федерациясы жана Иран менен карым-катнаштар жана ошондой эле аймактык маселелер каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар