Булар Түркияны коргонуу өнөр жайы жаатында кардар өлкөгө айландыргысы келип жатат

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик,ТРТда күн тартипке баа берди.

1144731
Булар Түркияны коргонуу өнөр жайы жаатында кардар өлкөгө айландыргысы келип жатат

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркия жана Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн; Сириянын жеринин бүтүндүгү жагынан жана ошондой эле террор менен күрөшүү жагынан маанилүү экенин айтты.

Челик, ТРТда күн тартипке баа берди.

Эртең Орусиянын Сочи шаарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен боло турган үчтүк Сирия саммитине токтолгон Челик: «Саммит Сириянын жеринин бүтүндүгү, конституциялык процесстин баштатылышы жана эң маанилүүсү террор менен күрөшүү жагынан маанилүү»,-деди.

«Түркия жана Орусия Идлибде биргелешкен операция жүргүзөбү?» деген суроого жооп берген Челик: «Террордук уюмдардын бул ок атышуусуз аймактардын тартибин бузганына карай биргелешкен эркти көрсөтө турганын айта алабыз»,-деп айтты.

Манбиж аймагынын жикчил террор уюму ЙПГ/ПККдан тазаланышы темасына токтолгон Челик: «Сириянын түндүгүндө террористтер үчүн коопсуз аймак (алардын ою боюнча) шериктештерибиз берген куралдар менен курулду жана НАТО шериктеши Түркиянын коопсуздугун коркунучка салууда»,-деп айтты.

Террористтерге аймакта колдоо көрсөткөн АКШга каршы чыккан Челик: «Бир канча жуманын ичинде буларды аймактан чыгарышпаса, Түркия өзүнүн коопсуздугу тууралуу кадам таштоодон тартынбайт»,-деген серебин салды.

Орусиядан алына турган С-400 ракеталык коргонуу системасы тууралуу НАТО жана АКШдан келген билдирүүлөргө токтолгон Челик: «Эми булардын аскердик жана саясий ишендирүүчүлүгү болбогону абдан так түрдө ачыкка чыкты. Булар Түркияны коргонуу өнөр жайы жаатында кардар өлкөгө айландыргысы келип жатат. Кара пропаганда жүрүп жатат. Түркияга муну кылба, тигини кылба деп айткыдай укуктары, ыйгарымдуулуктары жок»,-деди.

АКШ жана Польшанын жол башчылыгында Польшанын борбор шаары Варшавада «Жакынкы Чыгышта тынчтык» жана «коопсуздук» темалары талкуулана турган конференцияга токтолгон Челик, Иранга каршы саммиттин аймакта чыңалууну арттыра турганы көз карашын бөлүштү.

Челик: «Эң туурасы Иран менен сүйлөшүү болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар