Эрдоган Путин менен 14-февралда Сочиде жолугат

Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТнын түз эфир программасына катышкан президент Режеп Таййип Эрдоган, күн тартип тууралуу маалымат берди.

1137905
Эрдоган Путин менен 14-февралда Сочиде жолугат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен 14-февралда Сочиде жолугуша тургандарын айтты.

Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТнын түз эфир программасына катышкан Президент, күн тартип тууралуу маалымат берди.

Түркиянын Түндүк Сирия боюнча саясаты Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин негиз кылып алганын белгилеген Эрдоган: «Биз Сириянын майдаланышын каалабайбыз.Биз керек болсо Орусия, керек болсо Иран менен, ушул өңүттө Сочиде башталган бардык иштерде буга чечкиндүү басым жасадык»,-деди.

Түркиядан бир делегациянын Орусияга кеткенин жана бул жердеги жолугушууларда оң өнүгүү болгонун айткан Президент: «Бул оң өнүгүү менен бирге бул жердеги уюмдар тез арада бул жерди таштап чыгышат. Бул бир нерсени камсыздайт, мындайча айтканда 300 миңдей сириялык өлкөсүнө кайтты. Бул жерлер бошотулган соң бул жердин калкы да жерине кайтат. Артка кайтуу башталды делет. Эми биз бул таштала турган кадам менен да мунун пландоосун жасайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Акыл эстүүлүк жеңет деп тилейм. Ар ким өз милдетин аткарсын»,-деди.

Сирияга 23 миң фура курал, аскердик шайман киргенин белгилеген Эрдоган, колго түшүрүлгөн бардык куралдар АКШга таандык болуп чыкканын айтты.

Террордук уюмдар куралдарды сатып жатканын түшүндүргөн Эрдоган: «Финансылык булактарынан бирөө да ушул. Ал жердеги жаран калктын колунда да АКШнын куралдарын көрүүгө болот»,-деп айтты.

Трамптын, Евфрат дарыясынын чыгышынан «биз чыгабыз, чегинебиз» деген убадасы болгонун эске салган Эрдоган: «Муну кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырышат деп тилейм. Анткени биз коркунуч астында жашагыбыз келбейт. Ошондуктан коркунучтун белгисин көрөр замат, ансыз деле биздин бардык даярдыгыбыз болгондуктан эмне керек болсо ошону кылабыз»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Сирия

Тектеш кабарлар