Чавушоглу Барзани менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Нечирван Барзани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1133926
Чавушоглу Барзани менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) башчысы Нечирван Барзани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда ИКАБдын башчысы Барзани, телефондогу сүйлөшүүсүндө кечээ Ирактын түндүгүндөгү Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык база аймагына жикчил террордук уюм ПККнын провокациясынын негизинде болгон кол салуу тууралуу тийиштүү чараларды көргөндөрүн жана бул тема тууралуу териштирүү баштаткандарын билдирди.

Улуттук коргоо министрлиги кечээки маалыматында Ирактын түндүгүндө Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык база аймагына ПКК террордук уюмдун чагымчылыгынын негизинде кол салуу болгонун, бир канча унаа жана техника зыянга учураганын маалымдаган.

Министрликтин жарыясына караганда, «Ирактын түндүгүндө орун алган база аймагыбызга ПКК террордук уюмдун провакациясынын себебинен кол салуу болду. Окуя тууралуу тийиштүү чаралар көрүлүүдө»,-делди.


Этикеткалар: #Чавушоглу , #Ирак

Тектеш кабарлар