Эрдоган Путин менен жолукту

Эрдоган Кремль сарайында Путин менен жолукту.

1131866
Эрдоган Путин менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын борбор калаасы Москвадагы Кремль сарайында президент Владимир Путин менен жолукту.

Президент Эрдоган: «Астана процесси менен башталган үчтүк саммиттер керек болсо Сочи, керек болсо Анкара, керек болсо Тегеран, булар чындап эле дүйнө жүзүнүн кызыгуусун тарткан жолугушууларыбыз болду. Ошондой эле бул жолугушуубуз менен бирге бул процесстин уландысынын абдан пайдалуу боло турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин да жолугушууда, «(Эрдоган менен) тез-тез жолугушуубуздун натыйжаларын алуудабыз. Уруматтуу досум Эрдоган, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы карым-катнаштардын бул жерге жетиши сиздин салымдарыңыз менен болду. Жооптуу кызматкерлер колдорунан келгенин кылганына карабастан Керчте апаат болду, каза тапкандар үчүн көңүл айтамын. Арты кайрылуу болсун»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Путин

Тектеш кабарлар