Президент Эрдоган Афганстанга көңүл айтты

афганстанда Талибан мүчөлөрүнүн аскердик лагерге жасаган кол салуусунда 126 киши каза болгон.

1130396
Президент Эрдоган Афганстанга көңүл айтты

Президент Р. Т. Эрдоган Афганстандын президенти Эшреф Ганиге көңүл айтты.

Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда Эрдоган Ганиге Вардактагы жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтты жана террордук кол салууну айыптады.

Эрдоган көңүл айтуу билдирүүсүндө буларды белгиледи : «Урматтуу президент, боордошум Вардак аймагынын борбору Майдан шаарында 2019 -  жыл 21 -  январда болгон террордук кол салууда көп сандаган афган коопсуздук күчтөрү кызматкерлеринин каза болгондугун жана жаралангадыгын уктум. Бул террордук кол салууну айыптаймын. Түркиянын террор менен күрөшүндө дос жана бир тууган Афганстандын жанында экендигин дагы бир жолу кайталаймын. Каза болгон боордошторумдун жакындарына, афган калкына өзүм жана элимин атынан көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалаймын».

Афганстандын  Вардак аймагында кечээ Талибан мүчөлөрүнүн аскердик лагерге жасаган кол салуусунда 126 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар