Куткарылган украиналык экипаж Түркияга ыраазычылык билдирди

7 -  январда Самсун жакындарында чөккөн «Волга  - Балт 214» аттуу Панама желектүү кургак жүк ташуучу кемеден куткарылган украиналык жети экипажы Украинанын Анкарадагы элчилигине барды.

1123880
Куткарылган украиналык экипаж Түркияга ыраазычылык билдирди

7 -  январда Самсун жакындарында чөккөн «Волга  - Балт 214» аттуу Панама желектүү кургак жүк ташуучу кемеден куткарылган украиналык жети экипажы Украинанын Анкарадагы элчилигине барды.

Элчи Андрей Сибиха Кара деңиз аймактык жээк коопсуздук командирлигинин топтору тарабынан куткарылган кызматкерлерди элчилик имаратында тосуп алды. Элчи Сибиха кабыл алууда журналисттерге маалымат берди.

«Абдан коркунучтуу бир трагедия болду. Өз өмүрүн ойлобостон матросторду куткарган түрк жээк коопсуздугунун Кара деңиз аймактык командирлигинин топторуна жана медициналык жактан жардам берген Самсун губернатору Осман Каймакка рахмат айтам. Стратегиялык өнөктөштүктүн иши бул»,- деди.

Сибиха кырсыкта каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтып, куткарылган матростордун эң кыска убакытта үйлөрүнө кайтышарын белгиледи.

Куткарылган кеме кызматкерлеринен Станислав Шевчук толкундарга чыдай албаган кеменин алдыңкы бөлүгүнүн сынгандыгын жана ылдам түрдө чөгө баштагандыгын айтты. Шевчук : «Башка бир өлкөдө таптык өзүбүздү. Бул өлкөнүн тилин билбесек да өзүбүздү жакшы сездик. Бизге жардам бергендерге ыраазыбыз. Жээк коопсуздук топтору бизди куткарышты. Алар чыныгы каармандар»,- деди.

Кеменин ашчысы Татьяна Будко да башынан өткөндөр тууралуу : «Абдан коркунучтуу сааттарды жашадык. Тик учарлардын келерин ойлогон жокпуз. Аларды көргөндө кубандык. Куткаруу топтору ылдам түрдө бизге жетишти»,- деди. Көз жашын тыя албаган Будко уулу менен энесинин  үйдө күтүп жаткандыгын айтты. Кабыл алууда куткарылган экипажда салттык түрк жана Украина тамактары тартууланды.

Самсундун 80 мил жакындарында 7 -  январда "8841644 IMO" номердүү «Волга  - Балт 214» аттуу Панама желектүү кургак жүк ташуучу кемеден коркунуч белгилеринин алынышы менен түрк жээк коопсуздук командирлиги тарабынан изилдөө – куткаруу иши баштатылды.

Окуяда кеменин  он үч кишилик экипаждан жетөөсү куткарылып, жоголгон матростордон төртөөсүнүн сөөгү табылган. Жоголгон эки кишинин табылышы үчүн издөө улантылууда.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар