ТРТ арапча каналы жаңыланган жүзү менен жаңы берүүлөрүн баштайт
ТРТ арапча 21 араб өлкөсүнүн баарында көп сандаган журналистти да камтууда.
2010 - жылы 4 - апрелде 350 миллион калктуу бир аймакка карата миссиясы менен курулган каналдын берүүлөр саясатында өзгөртүү болду. Канал Кудс, Багдат, Тегеран, Бейрут, Омман, Каир сыяктуу шаарлар менен бирге Лондон, Москва, Вашингтондо да өкүлчүлүгүн куруп, дүйнөдөгү бардык абалдарды жеринде иликтейт.
Бүгүндүн заманбап технологиясын студияларына жана берүүлөрүнө чагылдырууну максат кылган канал санариптик кабарчылык менен интеграциялануу аркылуу кыймыл кылууну пландап жатат.
Ресул Сердар Аташтын координаторлугунда жаңы берүүлөр саясаты менен бирдикте кызматкерлерин жана экран жүзүн да жаңылаган ТРТ арапча 21 араб өлкөсүнүн баарынан көп сандаган журналистти да камтууда.
Кабар программалары менен бирге араб аймагы жана Жакынкы Чыгыш тууралуу түрдүү даректүү филимдерди да бере турган канал ошол эле учурда Түркиянын жалпы дүйнөдө дагы көп таанылышын максат кылууда.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.