АКШ делегациясы эртең Түркияга келет

Делегация сүйлөшүүлөрүн 4 -  январда улантат.

1117801
АКШ делегациясы эртең Түркияга келет

АКШ делегациясы Фетуллахчы террордук уюмга карата териштирүүлөрдү сүйлөшүү үчүн эртең Түркияга келет.

Араларында федералдык териштирүү бюросунун жетекчилери да болгон АКШ делегациясы тышкы иштер, адилеттик жана ички иштер министрликтеринин жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрөт.

Сүйлөшүүлөрдө АКШда ФЕТӨГӨ байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүлөр күн тартибине келет. АКШ делегациясынын бул тууралуу түрк жетекчилерге маалымат бериши күтүлүүдө. Делегация сүйлөшүүлөрүн 4 -  январда улантат.

Адилеттик министри Абдулхамит Гүл өткөн жумада берген маалыматында АКШлык жетекчилердин Түркияга келерин айтып, адилеттүү жардамдашуунун алкагында байланыштын болорун белгилеген.



Тектеш кабарлар