Президент Эрдогандын Манбиж тууралуу билдирүүсү

«Максатыбыз ал жердеги террордук уюмдарды чыгаруу. Уюмдардын чыгышы менен бизге аткара турган иш калбайт».

1115567
Президент Эрдогандын Манбиж тууралуу билдирүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Асад күчтөрүнүн Сириянын Манбиж аймагында болушунун такталбагандыгын белгиледи. Эрдоган Стамбулда журналисттерге маалымат берип ПКК/ЙПГ террордук уюму басып адган Манбижге Асад күчтөрүн чакыргандыгына карата кабарларга баа берди.

Манбиждеги абалдар тууралуу Сирия режиминин психологиялык бир кыймыл ичинде экендигин билишкендерин айткан Эрдоган : «Чалгындоо уюму менен сүйлөштүк. Так  эч нерсе жок»,- деди.

Бардык максаттарынын Манбижде ПКК/ЙПГнин керектүү сабакты алышы экендигин белгилеген Эрдоган бул тууралуу толук чечкиндүү экендерин айтты. Эрдоган : «Эртең эрте менен делегация Москвага барат. Тышкы иштер министринин жетекчилигинде коргоо министри, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы жана атайын өкүлүм  жана элчи төрттүк бир топ менен ал жерге барышат жана бул темаларды кенен карап чыгышат»,- деди.

«Орусиянын президенти В. Путин менен сүйлөшүп жана Москва же Сочиге сапар менен барышым мүмкүн деген Эрдоган : «Биз буларды (Сирия масалеси) олуттуу түрдө карап чыгышыбыз керек»,- деди.

Сириянын бөлүнүшүнө каршы экендерин айткан Эрдоган : «Максатыбыз ал жердеги террордук уюмдарды чыгаруу. Уюмдардын чыгышы менен бизге аткара турган иш калбайт»,- деди.



Тектеш кабарлар