Трамп менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп, президент Режеп Таййип Эрдоган менен «көпкө созулган жана жемиштүү» телефон сүйлөшүүсүн өткөргөндөрүн айтты.

1112176
Трамп менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп, президент Режеп Таййип Эрдоган менен «көпкө созулган жана жемиштүү» телефон сүйлөшүүсүн өткөргөндөрүн айтты.

Эрдоган менен террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү темасын карап чыккандарын билдирген Трамп, бул сүйлөшүү тууралуу социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө, «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен бир аз мурда көпкө чейин жана жемиштүү телефон сүйлөшүүсүн өткөрдүм. Эки тараптуу кызматташтыкты, террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү жана Сирия менен АКШ аскерлеринин бул өлкөдөн акырын координациялуу чыгып кетүүсүн сүйлөштүк. Көп жылдардан кийин үйгө катышууда»,деп жазды.

Трамптын билдирүүсүндө, «Эрдоган менен кеңейтилген соода жөнүндө да сүйлөштүк» деген маалымат дагы орун алды.

Сүйлөшүү тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган дагы маалымат берди.

Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Сириядагы абалдар менен катар «координацияны арттыруу темасында макулдашкандарын» билдирди.

Президент социалдык медиа барагынан бөлүшүсүндө, «Трамп менен соода карым-катнаштарыбыздан тартып Сириядагы абалдарга чейин бир топ темада координациябызды арттыруу темасында макулдаштык»,-деди.

Эрдоган, сүйлөшүүнүн эки өлкө жана аймак үчүн пайдалуу болушун да тиледи.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Трамп

Тектеш кабарлар