Чавушоглу Помпео менен сүйлөшүү өткөрдү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда эки министрдин телефондогу сүйлөшүүсүндө АКШнын Сириядагы аскердик бөлүктөрүн чыгарып кетүү чечимии каралды.

1110558
Чавушоглу Помпео менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириядан аскердик бөлүктөрүн чыгарып кете турганын жарыялаган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда эки министрдин телефондогу сүйлөшүүсүндө АКШнын Сириядагы аскердик бөлүктөрүн чыгарып кетүү чечимии каралды.

Мындан бир канча саат мурда АКШнын президенти Дональд Трамп: «Сирияда болушубуздун жалгыз себеби болгон ДЕАШты жеңдик»,-деп айткан болчу.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс да, «ДЕАШ менен күрөшүүнүн жаңы процессине кирүү менен бирге АКШнын аскерлерин өлкөгө чыгарып кете баштадык»,деген серебин салды.

Бир тараптан АКШнын коргонуу министрлигинин жооптуу кызматкерлери, АКШнын бөлүктөрүнүн Сириядан кайтуусунун  башталганын, бирок «жергиликтүү өнөктөштөр менен» иштешүүсүн уланта тургандарын жарыялады.

АКШнын Сириядагы аскердик бөлүктөрүн чыгаруу календары, бардык элементтерин чыгарып же чыгарбай турганы, террордук уюм ЙПГ/ПКК менен кандай түрдө иштешүүнү уланта турганы жана Түркияга убадасын бергендей уюмга берген куралдарды качан жана кандай чогулта турганы суроолору жооп күтүүдө.


Этикеткалар: #Чавушоглу , #Помпео , #Сирия

Тектеш кабарлар