Түркия - Катар жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия менен Катардын кара күн досу экендигин көптөгөн жолу көрсөткөндүгүн айтты.

1095807
Түркия  - Катар жыйыны
al sani-erdogan1.jpg

Түркия - Катар жогорку стратегиялык комитетинин 4 -жыйыны президент Р. Т. Эрдоган жана Катар эмири Шейх Темими бин Хамед Ал Санинин катышуусу менен Стамбулда Вахдеттин сарайында өттү. жыйында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган : «Катардык боордошторум оболу үйүңөргө кош келдиңер. Дипломатиялык карым- катнаштарыбыздын 45 - жылдыгын белгилеген бул мезгилде кызматташуубуздун жеткен деңгээли менен сыймыктанабыз»,- деди.

«Чыныгы дос кыйын учурларда белгилүү болот»,- деген Эрдоган эки өлкөнүн ушул кезге чейин кыйын мезгилдеринде бири бири менен тилектештик жана кызматташуу ичинде кыймыл кылышкандарын айтты.

Түркия менен Катардын бири биринин кара күн досу экендигин көптөгөн жолу көрсөткөндүгүн баса белгилеген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Түрк улуту катардык боордошторду бутага алган блокада жана санкцияларды таасирсиз абалга алып келүү үчүн аракет кылды. Катар да 15 -июлдагы козголоң кыймылынан кийин эл аралык тармакта өлкөбүзгө эң күчтүү колдоону көрсөткөн өлкөлөрдүн арасында орун алды. Акыркы айларда экономикабызды бутага алган спекуляциялык кыймылдарга да каршы жаныбызда болду. Бул себеп менен досубуз Катарга көрсөткөн күчтүү колдоо жана тилектештиги үчүн дагы бир жолу өзүм жана элимин атынан ыраазычылык билдирем».

Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен өткөргөн жолугушууга токтолгон Эрдоган жолугушууда эки тараптуу карым- катнаштар жеткен деңгээлден ыраазы экендигинбилдирип, кызматташууну ар тармакта тереңдетүү тууралуу каалоолорун бөлүшкөндөрүн белгиледи.

Жыйындан кийин эки өлкөнүн ортосунда транспорт, маданият, соода жана экономика сыяктуу бир топ тармакта стратегиялык кызматташуу протоколу, Катар жана Түркиядан тийиштүү министрлер тарабынан кол коюлду.

Жыйынга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, транспорт жана базис министри Мехмет Жахит Турхан, казына жана финансы министри Берат Албайрак, соода министри Рухсар Пекжан, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жана катардык жетекчилер катышты.



Тектеш кабарлар