Журналист Жемал Кашыкчы тууралуу саудиялык прокурордун билдирүүсү канаатандырарлык эмес

Жемал Кашыкчы 2 -  октябрда үй  - бүлө куруу иши боюнча Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.

1088788
Журналист Жемал Кашыкчы тууралуу саудиялык прокурордун билдирүүсү канаатандырарлык эмес

Түркия Сауд Арабия башкы прокурорлугунун Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу маалыматын канааттандырарлык эмес экендигин билдирди.

Антальянын  Алания районуна барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сауд Арабиянын башкы прокурорлугунун журналист Жемал Кашыкчынын Сауд Арабиянын Стамбул башкы консулдугунда киши колдуу болгондугуна байланыштуу билдирүүсүнө баа берди.

Министр Чавушоглу : «Башкы прокурор бул билдирүүнү бергенден мурда Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил Ел Жубейр мага телефон чалды, жарым сааттан кийин башкы прокурордун бул бул билдирүүнү берерин мага мурунтадан билдирди»,- деди.

Саудиялык башкы прокурордун билдирүүлөрүнүн канааттандырарлык эмес экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Кашыкчынын сөөгү кайда? Жолдомо бергендердин, чыныгы себепкерлердин да ортого чыгышы керек, бул процесс ушул бойдон жабылбашы керек. Муну иликтейбиз»,- деди.

Чавушоглу : «11  кишинин азыркы учурда камоодо экендигин билебиз. Андан мурда 18 киши камоого алынган. 11 кишинин бешөөсү тууралуу өлүм жазасы талап кылынды. Башкалары эмне себептен эркин койо берилди? Бул киши өлкөсүнө кайтарылышына каршы чыкканы үчүн кылмыштын жасалгандыгы айтылууда, бирок мурунтадан пландалган. Сөөктүн бөлүктөргө бөлүнүшү ошол учурда чыккан нерсе эмес. Өлтүрүп бөлүктөргө бөлүү үчүн керектүү куралдар консулдукка мурунтадан алып барылган»,- деди.

Жемал Кашыкчы 2 -  октябрда үй  - бүлө куруу иши боюнча Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.



Тектеш кабарлар