Сирияга кайтуулар улантылууда
Түркия жана Орусия 17 - сентябрда Идлибде демилитаризациялаган аймактын түзүлүшү тууралуу келишкен.
1082020
Өлкөлөрүндөгү жарандык согуштан качып Түркияга баш калкалаган сириялык кээ бир үй - бүлөлөрдүн Идлиб жана элетиндеги коопсуз аймактарга кайтышы улантылууда.
Түркиянын ар башка облустарында жашап жаткан сириялыктар Хатайдын Рейханлы районундагы Жилвегөз чек ара капкасына келишүүдө.
Жандарына бир канча буюмдарын алган үй – бүлөлөр чек арадан коопсуз аймактарга өтүшүүдө.
Өткөн айда 5 миңге жакын кишинин коопсуз аймактарга өткөн Жилвегөз чек ара капкасынан январь - октябрь мезгилинде 31 миң 950 сириялык өлкөсүнө кайтты.
Түркия жана Орусия 17 - сентябрда Идлибде демилитаризациялаган аймактын түзүлүшү тууралуу келишкен.