Чавушоглу - Меммедиаров жана Залкалиани орток пресс - жыйын өткөрдү

Чавушоглу Түркиянын Грузиянын Европа  - Атлантика уюмдарына интеграциясын колдогондугун белгиледи.

1077691
Чавушоглу -  Меммедиаров жана Залкалиани орток пресс - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын бардык платформада, бардык шартта Грузиянын жана Азербайжандын чек ара бүтүндүгүн, жеринин бүтүндүгүн колдогондугун айтты. Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедиаров жана Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани менен Стамбулдагы президенттик Долмабахче офисинде биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Чавушоглу үч тараптуу жыйында жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым  - катнаштар менен күчтүү түрдө кызматташуу сөз болгондугун айтып, үч тараптуу форматта энергетика, транспорт, ички иштер, коргоо министрлери жана тийиштүү башка мекемелердин жолугушкандыгын, механизмдин ийгиликтүү иштешин жана лидерлер саммитинде чыгарылган чечимдердин ийгиликтүү ишке ашышына кубанышарын айтты.

Бакудагы үч таараптуу жыйындан кийин Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАПтын ачылышы болгондугун, Транс  - Адриатика түтүк жолунун ачылышы менен аймактан келе турган газдын Европа өлкөлөрүнө да жеткирилерин айткан Чавушоглу Баку  - Тбилиси  - Карс темир жолу ачылган күндөн бери соода жана жеке кишилерге маанилүү салым кошкондугун белгиледи. Чавушоглу транспорт жана энергетика  тууралуу тармактарда кызматташуунун кандай өнүктүрүлөрүн сүйлөшкөндөрүн белгилеп, долбоорлордо ролу болгон Түркмөнстандын да бул механизмге кошуларын айтты.

Чавушоглу Түркиянын Грузиянын Европа  - Атлантика уюмдарына интеграциясын колдогондугун белгилеп, Грузиянын НАТО мүчөлүгүнө күчтүү колдоону Түркиянын бергендигин баса белгиледи.

Түркиянын Азербайжанды да эл аралык платформада ар тармакта колдогондугун айткан Чавушоглу : «Алдыдагы күндөрдө добуш берүүдө EXPOго да үй ээлик кыларын ойлоп жатабыз»,- деди.

Чавушоглу : «Түркия ар бир платформада, ар бир шартта Грузиянын жана Азербайжандын чек ара бүтүндүгүн, жеринин бүтүндүгүн колдоп жатат. Бардык жерде муну абдан күчтүү түрдө белгилөөдөбүз. Грузиянын жана Азербайжандын башынан өткөргөн маселелердин да тынчтыкчыл, эл аралык мыйзамга ылайык түрдө жана Азербайжандын жана Грузиянын чек ара бүтүндүгү менен жеринин бүтүндүгүнүн негизинде чечилиши үчүн эки өлкө менен кызматташуубузду жана иштерибизди улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар