Түркия Ирактын жаңы өкмөтү менен иштөөгө даяр

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Ирак жаңы өкмөтүнүн «дос жана бир тууган Ирак калкы үчүн пайдалуу болушун» каалашкандарын белгиледи.

1075981
Түркия Ирактын жаңы өкмөтү менен иштөөгө даяр

Түркия Ирактын жаңы өкмөтү менен иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Түркиянын Ирактын тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулугу менен кайрадан куруу темаларында ишеним добушун алган жаңы өкмөт менен бирдикте иштөөгө даяр экендигин белгиледи.

Аксой Иракта жаңы өкмөттүн ишеним добушун алгандыгына байланыштуу министрликке берилген бир суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой Иракта 12 -  майда өткөрүлгөн парламент шайлоосунун натыйжасында өкмөттү куруу менен милдеттендирилген Адил Абдулмехди тарабынан түзүлгөн кабинеттеги 14 министрдин ишеним добуш алышы менен кызматын баштаган Ирак жаңы өкмөтүнүн «дос жана бир тууган Ирак калкы үчүн пайдалуу болушун» каалашкандарын белгиледи.

Аксой буларды айтты : «Жаңы өкмөттүн өткөн жылдарда  кыйынчылык тарткан Ирак калкынын күтүүлөрүн камсыз кыла турган кадамдарды таштоосун каалайбыз. Ушунун негизинде Ирак калкынын бардык катмарларын камтый турган ишке ашыруулардын Ирактын саясий биримдиги менен жеринин бүтүндүгүнүн сакатылыш жана улантууга боло турган ырааттуулуктун түзүлүшүнө салымын кошоруна ишенебиз».

Аксой Ирак министрлер кеңешинин азырынча бекитилбеген мүчөлөрүнүн да ушул түшүнүк менен такталышынан үмүт кылышкандарын баса белгилеп : «Түркия Ирактын тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулугу менен кайрадан куруу иштеринде Ирактын жаңы өкмөтү менен иштөөгө даяр»,- деди.



Тектеш кабарлар