Эрдоган-Абдуллах сүйлөшүүсү
Эрдоган жана Иорданиянын королу 2-Абдуллах телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
1075023
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Иорданиянын королу 2-Абдуллах телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президенттик булактардан берилген маалыматка караганда, телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар каралды.
Түркия жана Иорданиянын ортосундагы карым-катнаштардын бардык тармакта өнүктүрүлүшүнүн маанисине токтолгон сүйлөшүүдө, Эркин соода келишимине байланыштуу маселелерди ашып өтүүнү максаттаган иш-аракеттердин колдоого алынышы жагдайында макулдашылды.
Президент Эрдоган жана Иорданиянын королу 2-Абдуллах, эки өлкөнүн ортосундагы достук карым-катнаштарын мындан ары да чыңдоо чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.