Эрдоган дүйнөнүн эң таасирдүү мусулман лидери болуп тандалды

Иорданиянын Королдук исламий стратегиялык эмгек борбору тарабынан даярдалган жылдык изилдөө китебинин быйылкы саны чыкты.

1074286
Эрдоган дүйнөнүн эң таасирдүү мусулман лидери болуп тандалды

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн эң таасирдүү мусулман лидери болуп тандалды.

Иорданиянын Королдук исламий стратегиялык эмгек борбору тарабынан даярдалган жылдык изилдөө китебинде, президент Эрдоган тууралуу, «Анын убагында Түркия болуп көрбөгөндөй экономикалык өсүү, конституциялык реформа, чоң глобалдык күч катары кайрадан пайда болду»,-деп айтты.

Мусулман лидерлердин мусулман өлкөлөргө таасирлерин өлчөөнү максаттаган жана быйыл 10-басмасы чыккан китепте, Түркиянын Грециядан баштап чек аралаш коңшулары менен өнүктүргөн карым-катнаштарына басым жасалды.

Китепте, эң таасирдүү мусулман лидерлердин катарында Эрдогандан кийин Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Салман бин Абдүлазиз, Иорданиянын королу Абдуллах орун алды.

«Эң таасирдүү мусулман лидерлер» тизмесинде быйыл биринчиликке жайгашкан Эрдоган, китептин 2016 жана 2017-жылдарга таандык чыгарылыштарында сегизинчи жана бешинчи орунда болчу.

Изилдөө китеби 2009-жылдан бери жылына бир жолу чыгып турат.



Тектеш кабарлар