Эрдоган Молдованы ФЕТӨ темасында эскертти

Жолугушуулардан кийин Эрдоган жана Додон биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1070790
Эрдоган Молдованы ФЕТӨ темасында эскертти
dodon-erdogan2.jpg
dodon-erdogan1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Молдованы Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) темасында эскертти.

Эрдоган, Молдованын президенти Игорь Додондун чакыруусу менен бул өлкөгө барды. Кишинев аэропортунда Додон менен жубайы тарабынан тосулган Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган үчүн Президенттик сарайында расмий тосуп алуу аземи уюштурулду.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларга өтүлдү.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык маселелер жана ФЕТӨдөн баштап террор менен күрөшүү каралды.

Андан кийин Түркия менен Молдованын ортосунда эки өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыктары кеп болгондо токтоосуз жардам берүүлөрүн камтыган Стратегиялык өнөктөштүк билдирүүсүнө кол коюлду.

Жолугушуулардан кийин Эрдоган жана Додон биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган сөзүндө ФЕТӨгө карай күрөшкө токтолуп, түрк калкынын молдовалык досторунан күтүүсүнүн керектүү колдоосунун токтоосуз түрдө көрсөтүлүшү экенин айтты.

Эрдоган, ФЕТӨнүн өзгөчө Түрк куралдуу күчтөрүнө, коопсуздугуна, сотуна, мамлекеттин бардык тармактарына кирип кеткен террордук уюм болгонун эске салып, «Бул террор уюму, ошондой эле кыймылдарын учурда Молдовада жасоо, мамлекеттин бардык тармактарына кирүү аркылуу бул жерде ошондой эле кадамдарды таштай алат»,-деди.

Эрдоган, эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу эки мамлекеттик банк; Халк банк жана Айыл чарба банкынын же экөөнүн тең Молдовада кеңсе ача турганын жарыялады.

Молдованын президети Додон дагы, өлкөсүнүн өнүгүүсүнүн камсыздалышы жана Гагауз маселесинин чечилген убагында Түркиянын абдан маанилүү роль ойногонун түшүндүрүп: «Түркия, улуттук кызыкчылыктарыбыздын корголушу жана жакшы карым-катнаштарды түзүү жаатында маанилүү үлгү»,-деп айтты.

Өлкөсүнүн өнүгүүсүнө карай Түркиянын көрсөткөн колдоосуна шилтеме кылган Додон: «Түркия, Молдованын туруктуу жана күчтүү болушуна салым кошту»,-деди.

Додон улуттук мыйзамдарынын Гагауз автономиясынын дагы көздөлгөнүндөй түрдө конституцияга алынышы темасында кепилдик да берди.

Эрдоган Молдованын борбор шаары Кишиневдо 2009 -  жылы Молдовада болгон козголоң кыймылында талкалангандан кийин Түркия тарабынан рестоврацияланган президенттик имараттын ачылышын аткарат. 

Эрдогандын Молдовада 350 миллион долларлык инвестиция салган 213 түрк фирмасынын кээ бир башкаруучулары менен жолугушуусу пландалууда.

Президент өзгөчө Гагауз автоном аймагында гөкогуз – молдова тилинде билим берген балдар бакчасынын ачылышын да аткарат.

Акыркы жолу июль айында телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган менен Додон карым  - катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрүү боюнча бирдей пикирге барышкан.



Тектеш кабарлар