Сауд Арабиянын делегациясы Түркияга келди

Борбор шаар Анкарага жеткен сауд делегация менен түрк жооптуу кызматтагылардын ортосунда аптанын акырында жолугушуулар өткөрүлүшү пландалууда.

1067603
Сауд Арабиянын делегациясы Түркияга келди

Сауд Арабиядан бир делегация журналист Жемал Кашыкчынын жоголгону тууралуу териштирүүнүн алкагында Түркияга келди.

Борбор шаар Анкарага жеткен сауд делегация менен түрк жооптуу кызматтагылардын ортосунда аптанын акырында жолугушуулар өткөрүлүшү пландалууда.

Сауд реформисттер үчүн маанилүү платформа болгон «Ал Ватан» гезитине салым кошкон жана Батыш медиасында Жакынкы Чыгыш тууралуу маалыматтары менен таанылган Кашыкчы, 2-октябрда расмий катталууларын кылыш үчүн Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна киргенден кийин дайыны чыкпай калган.

Коопсуздук булактары Кашыкчынын Сауд Арабиянын Башкы консулдугунан кайра чыкпаганын тастыктап, имаратта ошол убакта Стамбулга 2 учак менен келген, арасында жооптуу кызматкерлер да орун алган 15 сауд атуулу болгонун, бул кишилердин андан кийин келген өлкөлөрүнө кайткандарынын маалыматын бөлүштү.

Стамбул республикалык башкы прокурору тарабынан Кашыкчынын жоголгону тууралуу башталган териштирүү улантылууда.



Тектеш кабарлар