Эрдоган Венгрия сапарына баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзүнүн колу коюлган «Венгрия сапары» аттуу баа берүү жазуусун социалдык медиа барагынан бөлүштү.

1065745
Эрдоган Венгрия сапарына баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Венгрия менен НАТО, Европа Кеңеши жана Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы колдошуубуз үлгүлүү өрнөк болуп саналат»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзүнүн колу коюлган «Венгрия сапары» аттуу баа берүү жазуусун социалдык медиа барагынан бөлүштү.

Эрдоган: «Терең жана түптүү байланыштарыбыз болгон Венгрия менен кызматташтыгыбызды илгерилетиш үчүн эки тараптуу аракет кылуудабыз. Венгрия менен НАТО, Европа Кеңеши жана Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы колдошуубуз үлгүлүү өрнөк болуп саналат»,-деп жазды.

2013-жылы түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши аркылуу акыркы 5 жылда Венгрия менен эки тараптуу карым-катнаштарда бардык тармакта маанилүү жол басылып өткөнүн белгилеген Эрдоган, 2013-2017-жылдар аралыгында эки тараптуу соода көлөмүнүн 38 пайыздык өсүү менен 2,6 миллиард долларга жеткенин маалымдады.

Эрдоган, сапарынын алкагында иш дүйнөсү менен жемиштүү кеңешүүлөр өткөрүлүшүнө себепчи болгон Түркия-Венгрия ишкердик форуму аркылуу 5 миллиард доллардык соода көлөмүнө ишенимдүү кадамдар менен илгерилей тургандарын, транспорттон энергетикага чейин, курулуштан туризмге чейин, коргонуудан айыл-чарбага чейин бир топ кеңири аспекттерде Венгрия менен ээ болгон потенциалды, иш жүзүндө орундатыш  үчүн чечкиндүүлүк менен иштегендерин айтты.

Эрдоган: «Африка жана Орто Азияда дагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирүүдөбүз. Африканын өнүгүү аракеттерине салым кошуу максатында Венгрия менен биргелешип иштөөнү улантабыз. Азия менен Венгриянын ортосундагы карым-катнаштардын дагы терең күчтөнүп түрлөнүшү темасындагы колдообузду улантабыз»,деген серебин салды.

Түрктөр жана венгерлердин кылымдардан бери келген түптүү достугунун мындан ары дагы чыңдалышы максатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты маданий тармакта да өнүктүрүүгө чечкиндүү болгондорун түшүндүргөн Эрдоган,  өзүнө жана делегациясына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн президент Янос Адерден баштап бүтүндөй венгер калкына ыраазычылыгын билдирди.

Эрдоган дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Венгрияда расмий сапар менен болду.



Тектеш кабарлар