Хаккариде террордук кол салуу болду

Кол салууда бир аскер шейит болуп 4 киши жараланды.

1065423
Хаккариде террордук кол салуу болду

Хаккаринин Чукуржа районунда ПКК террордук уюму тарабынан жасалган кол салууда бир аскер шейит болуп, төрт киши жараланды.

Губернаторлуктан берилген маалыматта Чукуржа районунун Гүвен тоосундагы база аймагына ПКК террористтери тарабынан чек аранын Ирак тарабындагы Зап аймагынан ракета менен кол салуу жасалгандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Кол салууда бир аскердик кызматкер шейит болуп, төрт киши жараланды. Бул тууралуу соттук изилдөө улантылууда»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар