Батманда шейит аскерлердин саны 7ге жетти
Кол салууда 5 аскер да жараланды.
1061987
Батман облусунун Гержүш районунун элетинде ок өткөрбөс аскердик унаа өтүп бара жатканда ПКК террористтери тарабынан жолго мурунтадан жайгаштырылган бомбанын жардырылышы менен 4 аскер шейит болду. Кол салууда 5 аскер да жараланды.
Жаралуу аскерлерден үчөөсү бардык жардамдарга карабастан каза болду. Окуяда каза болгондордун саны 7ге жетти.
Террористтердин кармалышы үчүн аймакта кенен машстабдуу операция улантылууда.