Президент Эрдоган менен Меркелдин өткөргөн пресс - жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын террордук уюмдар менен дагы таасирдүү күрөшүүнү күтүшкөндөрүн белгиледи.

1058767
Президент Эрдоган менен Меркелдин өткөргөн пресс  - жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын террордук уюмдар менен дагы таасирдүү күрөшүүнү күтүшкөндөрүн белгиледи. Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркел менен борбор шаар Берлинде жолугушкандан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Меркель менен жолугушуусунда бир канча убакытан бери иштебеген кызматташуу механизмдерин иштетүүдө бирдей пикирге барышкандарын айткан Эрдоган түрк жарандарына виза эркиндиги тууралуу калган 6 критерияны кыска убакытта орундатууну пландашкандарын айтты. Эрдоган Түркиянын оболу Сирия кризиси жана аймактык маселелерде олуттуу жоопкерчиликти алгандыгын айтты.

Президент Түркиянын башка тармактарда болгондой эле экономика тармагына келиши мүмкүн болгон коркунучтарга каршы даяр жана булар менен күрөшө ала турган күчтө экендигин баса белгиледи.

Эрдоган : «Германиянын террордук уюм менен дагы таасирдүү түрдө күрөшүүсу жана бул тууралу талаптарыбызды кенен түрдө карап чыктык»,- деди.

Германия менен экономикалык карым  - катнаштарга маани беришкендерин белгилеген Эрдоган : «Немис өкмөтүнүн да бул багыттагы мамилеси жана берген кабарларына баа берүүдөбүз»,- деди.

Миңдеген ПКК террордук уюмунун мүчөсүнүн Германияда экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Бири бирибизге болгон ишеним менен кайда кимди кармасак аны тапшырсак ишибизди жеңилдетет»,- деди.

Эрдоган камоого алынгандар тууралуу берилген бир суроого : «Менин Германиянын укук системасын, сотторун сыноо укугум жок,  сиздердин да түрк сот системасын сыноо укугуңуздар жок»,- деди. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюмдун  жүздөгөн мүчөсүнүн Германияда экендигин да белгиледи.

Мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаргандан кийин Германияга качкан  Жан Дүндар тууралуу берилген суроого жооп берген Эрдоган бул кишинин агент экендигин, мамлекеттин сырларын ачыкка чыгаруу үчүн түрк соту тарабынан 5 жыл 10 ай абак жазасына тартылгандыгын айтты. Азыркы учурда Жан Дүндардын мыйзамсыз качып Германияда жашап жаткандыгын эске салган Эрдоган : «Кылмышкерлерди тапшырган өлкөбүз. Мындай кылмышкердин тапшырылышын суроо укугубуз бар. Жазасы такталган кишинин тапшырылышын сурадык. Жан Дүндар мамлекеттин сырларын  ачыкка чыгарган агент»,- деди.

Эрдоган эртең Меркель менен өткөрө турган эрте мененки тамакка байланыштуу : «Эртеңки жолугушууга Түркия  - Германиянын ортосундагы экономикалык карым  - катнаштар үчүн маани берем, эртең экономикалык карым  - катнаштарыбызды күн тартибине алып келебиз»,- деди.

Канцлер Меркель Түркиянын сириялык качкындарга берген жардамы тууралуу мактоо менен сөз кылды жана : «Сирия тууралуу түрк, орус, француз мамлекет башчылары жана мен катыша турган төрттүк саммиттин октябрь айында өткөрүлүшү үчүн иштеп жатабыз»,- деди.

Меркель : «ПККга Германияда тыюу салынды, ФЕТӨ тууралуу дагы көп маалымат керек. 15 -  июлдагы козголоң кыймылын айыптайбыз, мындан мурда да айтканымдай эч качан кабыл албайбыз»,- деди.

«Гремания катары ырааттуу, экономикалык жактан туруктуу өскөн Түркияны каалайбыз»,- деген Меркель : «Түркия менен террор менен күрөшүү тармагындагы кызматташуубузду өнүктүрүүнү каалайбыз, ички иштер министрликтерибиздин ортосундагы байланыштар жандандырылат»,- деди.



Тектеш кабарлар