Президент Р. Т. Эрдоган Германияда

АКШдагы жолугушууларын аяктаган президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Германияга барды.

1057842
Президент Р. Т. Эрдоган Германияда

АКШдагы жолугушууларын аяктаган президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Германияда.

Эрдоган Германиянын президенти Фрэнк Вальтер Штайинмайердин чакыруусу менен борбор шаар Берлинге барды. 

Эрдоган Германия сапарынын биринчи күнүндө Германиядагы коомдук мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушат. Расмий жолугушуулары эртең башталат.

Президент Эрдоганды эртең Германиянын президенти Фрэнк-Вальтер Штайнмайер расмий азем менен тосуп алат.

Кесиптеши менен өткөрө турган жолугушуудан кийин Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушат.

Бул жолугушууларда күн тартибиндеги биринчи тема экономика болот, соода карым  - катнаштары каралат жана коргоо өнөр жайы менен транспорт долбоорлору каралат.

Эрдоган менен Меркель жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрөт.

Президент Эрдоган Германия сапарынын акыркы күнүндө Кёлнде бул өлкөдө жашаган түрктөр менен жолугушат жана дин иштеринин Түрк Ислам Биримдигинин Борбордук мечитинин ачылышын аткарат.  

 

 

 



Тектеш кабарлар