Президент Эрдоган орус "Коммерсант" гезитине маек берди

Эрдоган : «Түркиянын ПКК, ПЙД/ЙПГ жана DSG сыяктуу жикчил террордук уюмдар менен күрөшүүсүнө Орусиянын да колдоо беририн ойлоп жатабыз»,- деди.

1055683
Президент Эрдоган орус "Коммерсант" гезитине маек берди

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын эч бир шартта чек арасынын кайсы  бир жеринде террорго уруксат бербей тургандыгын белгиледи. Эрдоган Орусиянын «Коммерсант» гезитине берген маегинде Сириядагы чечүүчү жол процесси тууралуу баа берди. Баа берүүсүндө террор менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган : «Түркиянын ПКК, ПЙД/ЙПГ жана DSG сыяктуу жикчил террордук уюмдар менен күрөшүүсүнө Орусиянын да колдоо беририн ойлоп жатабыз»,- деди.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендигин баса белгилеген Эрдоган муну Сириянын Африн, Жараблус, Ел Баб жана Идлиб аймагындагы террор менен күрөшүүдө бир топ жолу тактагандыгын белгиледи.

Орусиянын Сочи шаарында 17 – сентябрда Орусиянын президенти В. Путин менен өткөргөн жолугушууда бул маселеге басым жасалгандыгына көңүлдөрдү бурган президент : «Түркиянын бул террордук уюм менен күрөшүнө Орусиянын да колдоо берерин ойлоп жатабыз»,- деди. Эрдоган Орусия менен карым – катнаштарынын алдыдагы күндөрдө да активдүү түрдө өнүгүүнү улантарына ишенгендигин баса белгиледи. Президент Р. Т. Эрдоган Идлибде оппозициянын саясий чечүүчү жол процессинин ичинде калышы керектигин, мунун Женева жана Астана сүйлөшүүлөрүнүн нормалдуу түрдө функциясын улантышы үчүн керектүү экендигин айтты. Баш калкалоочу маселесине да токтолгон Эрдоган : «Дүйнөбүздүн эң негизги маселеси болгон бул маселеге бир гана Түркиянын маселеси сыяктуу кароо туура эмес»,- деди.  Эрдоган маегинин акырында  Түркия  - Орусия карым  - катнаштарынын акыркы мезгилде жакшы коңшулук, орток кызыкчылыктар жана бири бирине сый көрсөтүүнүн негизинде өнүгүүнү улантышынан кубанычтуу экендигин айтып : «Биргелешкен энергетика долбоорлору жана бири бирине карата инвестициялыр башта  болгон адамзаттык жана маданий карым  - катнаштарыбыздын да өнүгүшү үчүн керектүү кадамдарды таштап жатабыз. Бир жерди бөлүшкөн жана кылымдардан бери тарыхтын маңызы болгон түрк жана орус калктарынын терең жана жакын карым  - катнаш ичинде болушу керектигине ишенем. Бул максаттын негизинде аткарылган иштерди ар дайым колдой тургандыгыбызды баса белгилегим келет»,- деди.



Тектеш кабарлар