Улуттук коопсуздук кеңешинен кийин билдирүү жарыяланды
Президенттик Комплексинде өткөн кечээки Улуттук коопсуздук кеңешинен кийин билдирүү жарыяланды.
Улуттук коопсуздук кеңеши Сириянын Идлиб шаарындагы ок атышпоо аймагына карай кол салуулардын токтотулушу темасында Орусия менен жетишилген макулдашуунун маанисине басым жасалды.
Президенттик Комплексинде өткөн кечээки Улуттук коопсуздук кеңешинен кийин билдирүү жарыяланды.
Билдирүүдө: «Идлиб ок атышпоо аймагына карай кол салуулардын токтотулушу темасында Орусия менен жетишилген макулдашуунун маанисине басым жасалды»,делди.
Сириянын террордон тазаланышына маани берилген билдирүүдө, буларга орун берилди: «Сириянын калган аймактарынын да террордон тазаланышына карай иш-аракеттердин арттырылып улантылышындагы чечкиндүүлүк тастыкталды. Сирия кризисинин чечилишинде эл аралык коомчулук, саясий жана гуманитардык жоопкерчиликтерин дагы ылдам жана таасирдүү орундатууга чакырылды».
Билдирүүдө: «Манбиждин террордук уюмдан тазаланышы үчүн макулдашылган жол картасынын кылдат түрдө ишке ашырылышы күтүлүүдө»,деген маалымат орун алды.
Билдирүүдө айрыкча: «Чет өлкөдө кармалган террористтердин түрк юстициясына тапышырылышы Түркиянын чечкиндүүлүгүнүн белгиси болуп саналат, бул операциялар улантылат»,делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.