Йемен министринен Түркияга мактоо

Йемен балыкчылык министри Фехд Кефайин Түркиянын өлкөсүнө карата гуманитардык жардамдар жана колдоосунан мактоо менен сөз кылды.

1052676
Йемен министринен Түркияга мактоо

Йемен балыкчылык министри Фехд Кефайин Түркиянын өлкөсүнө карата гуманитардык жардамдар жана колдоосунан мактоо менен сөз кылды.

Йемен расмий агенттиги САБАнын кабарына караганда министр Кефайин Түркиянын Сана элчиси Левент Елер менен Сауд Аравиянын борбор шаары Риядда жолугушту.

Министр Кефайин менен элчи Елер жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда балыкчылык секторундагы кызматташууну күчтөндүрүү менен бирге балык запастарынын иликтениши, балыкчылык комплекстеринин оңдолушу жана кайрадан курулушу тууралуу Түркиянын колдоосун карап чыгышты. Кефайин министрлигинин балыкчылык секторунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана орток иш алып баруу жолун кеңейтүүнү каалагандыгын айтып, Йеменге гуманитардык жардамдарынан улам Түркияга рахмат айтты.

Түркия узун убакыттан бери өлкөдөгү кагылышуулардан улам адамзаттык шарттар оордошкон жана базиси чоң зыян тарткан Йемендин бир топ облусунда Түрк кызматташык жана Координация Агеттиги башкармалыгы ТИКА Түрк Кызылайы жана Түркия дин иштери фонду сыяктуу мекемелердин арачылыгы менен жардам долбоорлорун ишке ашырууда.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп келе жаткан Йеменде хусилер менен мыйзамдуу башкарууга караштуу күчтөрдүн арасында кагылышуулар болууда.

Хусилер 2014 -жылы сентбрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алып, Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -жылдын март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар