Качкындарга карата операция

Вандын Башкале районунда өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген 72 качкын кармалды.

1050727
Качкындарга карата операция

Вандын Башкале районунда өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген 72 качкын кармалды.

Райондук жандармерия командирлигинин топтору Беблешим жана Гүзелдере жандармерия пункту тарабынан түзүлгөн текшерүү жерлеринен жөө өтүүгө аракет кылган эки группа токтотулду.

Текшерүүдө Афганстан жана пакистандык 72 киши кармалды. Алардын ичинен төртөөсү аял, экөөсү бала.

Качкындар Башкале мамлекеттик ооруканасында текшерүүдөн өткөндөн кийин облустук миграция директорлугуна тапшырылды.

Хатайдын Алтынөзү районунда да Сириядан Түркияга кирүүгө аракет кылган 24 качкын кармалды. 

Сирия чек арасында күзөттөгү чек ара бөлүктөрү Алтынөз элетинде чек арага мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган бир группа кишини аныктады.

Кармалган жана сириялык экендиги белгиленген 24 киши коопсуздук тергөөгө алуу үчүн жандармерияга тапшырылды. 

 

 



Тектеш кабарлар