Казакстандын президенти эртең Түркияга келет

Президент Нурсултан Назарбаевдин Р. Т. Эрдоган менен жолугушары, өзгөчө түрк ишкерлер менен жолугушары билдирилди.

1048193
Казакстандын президенти эртең Түркияга келет

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эртең Түркияга расмий сапар менен келет.

Казакстандын президенттик интернет сайтындагы маалыматта Назарбаевдин Түркияга жасай турган расмий сапарынын негизинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушары, өзгөчө түрк ишкерлер менен жолугушары билдирилди.

Маалыматта Назарбаевдин Казакстан менен Түркиянын ортосундагы Жогорку деңээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 3 -  жыйынына катышуусунун пландалып жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар