Тышкы иштер министри Идлиб кол салууларын сынга алды

Чавушоглу борбор шаар Анкарага иш сапары менен келген немис кесиптеши Хеико Маас менен жолугушту.

1044498
Тышкы иштер министри Идлиб кол салууларын сынга алды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сириянын Идлиб аймагына карата кол салуулардын туура эмес экендигин Орусияга билдиришкендерин айтты. Чавушоглу борбор шаар Анкарага иш сапары менен келген немис кесиптеши Хеико Маас менен жолугушту. Эки министр андан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Идлиб аймагына 2 күндөн бери жасалып жаткан кол салуулардын бул жерди колго алууну максат кылгандыгын белгилеген Чавушоглу ок атышпоо үчүн аракет кылышкандарын айтты.  

Ирандын борбор шаары Тегеранда эртең боло турган саммиттен мурда жасалган бул кол салуулардын жаңылыш экендигин орус кесиптешине айткандыгын белгилеген министр Чавушоглу : «Идлибге операция жүргүзүлө турган болсо апаат болот»,- деп бул жердеги коопсуздук аймактарынын сакталышы керектигин белгиледи.

Немис министр Маас болсо Түркиянын Идлиб тууралуу тынчсызданууларынын туура экендигин баса белгиледи. Аймакта адамзаттык трагедияга тоскоол болуу керектигин айткан Маас Тегеран саммитин колдошкондорун белгиледи.

Тегеран саммитинде президент Р. Т. Эрдоган үй ээси Хасан Рухани жана орус кесиптеши Владимир Путин менен Идлиб жана Сирияга байланыштуу абалдарды карап чыгышат.

 



Тектеш кабарлар