Бир жумалык операциялар
Террористтерге каршы операциялар жүргүзүлдү.
1038213
Бир жумада жикчил террордук уюм ПККга мүчө 26 террорист таасирсиз кылынды.
Ички иштер министрлиги 20-27-август күндөрүнүн аралыгында ички коопсуздук операцияларында 5и жалган жетекчиден турган 26 террористтин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.
Министрликтин көрсөткүчтөрүнө караганда, операциянын алкагында 1 баш калкалоочу жай менен үңкүр жок кылынды. 14 оор жана алыс аралыкка атуучу курал, 13 граната, 1 миң 290 ок дары табылып, 1 колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды.
Мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөштүн алкагында да деңиздерде 608 бозгун Жээк коопсуздугу командирлиги тарабынан кармалды.